Суук болобу? Дем алышка карата аба ырайы

20 января 2022 Суук болобу? Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады. Билдирмеге караганда, жума этегинде көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаабайт, бирок абанын температурасы салыштырмалуу төмөн болот. Бишкекте кар жаабай турганы айтылды.

Чүй, Талас облустары

22-23-январда Чүй облусунда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы күндүз 1...6 градуска жетет. Таласта 23-январда күндүз кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы -2…-4 градуска төмөндөй турганы божомолдонду.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

22-январь, ишембиде, жаан, кар жаабай турганы айтылды. 23-январда бир аз кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы күндүз 2…4 градусту көрсөтсө, түнкүсүн -2 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө аптанын акыркы эки күнүндө кар жаабайт. Бирок жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы күндүз 0…-5 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарында кар жаабайт, анткен менен сууктун күчү -9…-11 градуска жетери божомолдонду.

sputnik