Кош бойлуу кезинде COVID-19 менен ооруган аял IQ көрсөткүчү төмөн бала төрөшү мүмкүн

20 января 2022 Кош бойлуу кезинде COVID-19 менен ооруган аял IQ көрсөткүчү төмөн бала төрөшү мүмкүн

Кош бойлуу кезинде COVID-19 менен ооруган аялдар IQ көрсөткүчү 20%дан төмөн балдарды жарыкка алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык окумуштуу Александр Горелов билдирди, деп жазат РИА Новости.

"Кечээ педиатриялык макала жарыяланды. Кош бойлуу аял ковид менен ооруп, анын баласынын IQ көрсөткүчү 20% төмөн экени аныкталды", — дейт окумуштуу.

Адистин айтымында, бала психикалык жана физикалык жактан кеч калыптанышы мүмкүн. Окумуштуу бала менен үзгүлтүксүз иштешсе, көрсөткүчтү кууп жетүүгө болот деген пикирде. Анткен менен, төрөлүү кезиндеги көрсөткүч IQ-нун төмөндүгүн көрсөткөн.