Хирург операция учурунда өзүнүн аты-жөнүн бейтаптын бооруна күйгүзүп жазган

20 января 2022 Хирург операция учурунда өзүнүн аты-жөнүн бейтаптын бооруна күйгүзүп жазган

Британиянын башкы медициналык кеңеши хирург Саймон Брамхоллду медициналык тизмеден чыгарды. Анткени, ал 2013-жылы калтырган өз атынын СБ деген баш тамгалары бир нече бейтаптын денесинен табылган.

Дарыгер операция учурунда кан кетүүнү токтотуучу аргон лазерин колдонгон. Бул аппарат көбүнчө кан тамырларды күйгүзүү үчүн колдонулат. Трансплантациялоо боюнча оор операциядан кийин ушундай жол менен эс алуу жана көңүлүн тынчтандыруу максатында жазганын айтат.

2013-жылдын февралынан августуна чейин Брамхолл Бирмингемдеги Queen Elizabeth ооруканасында иштеген. Ал жерде органдарды трансплантациялоо операцияларын жасаган. Операциядан бир жума өткөндөн кийин Брамхоллдун операциясы натыйжа бербей, башка дарыгердин колуна түшкөн бейтаптын боорунан 4 см болуп жазылган аты-жөнү табылган.

Бирмингемдик 57 жаштагы Саймон Брамхолл күнөөсүн мойнуна алып, түрмөдөн кутулган. Хирург лицензиясынан ажыратылып, коомдук жумуштарга тартылып, 10 миң фунт стерлинг (бир миллион сомдон ашык) айыпка тартылды, деп маалымдайт Би-Би-Си жана Daily Mail.