"Омикрондун" белгиси байкалса, дарыланууну кантип башташ керек? Кеңеш

19 января 2022 "Омикрондун" белгиси байкалса, дарыланууну кантип башташ керек? Кеңеш

Коронавирустун "омикрон" штаммынын биринчи эле белгилери байкалса, антибиотикти такыр жолотпош керектигин дарыгер Андрей Тяжельников РИА Новости агенттигине айтып берген.

"Омикрондун" негизги белгилери — булчуң, сөөк, баш жана тамак ооруйт, эт ысыйт, кургак жөтөл коштоп, мурун бүтөт. Бул жаңы штаммдын кадимки сасык тумоонун тиби менен өтүп жатканы", — деп түшүндүргөн Тяжельников.

Биринчи иретте эшикке чыкпай, обочолонуу керектигин, ал эми дарыланууну үйдө бар дарылар менен баштоону айтып берген.

Дарыгер эгерде эт ысып, 38 градустан өйдө көтөрүлсө гана аны түшүрө турган препаратты ичүүнү эскерткен. Мындан сырткары, тамак менен мурунду туздуу суу менен чайкоо зарылдыгын айткан.

sputnik