КЕРАТИН МЕНЕН ТҮЗДӨӨНҮН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

19 января 2022 КЕРАТИН МЕНЕН ТҮЗДӨӨНҮН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Көптөгөн сулуулар чачтарына нымдандыруучу түс берүү үчүн кератин менен түздөөгө кайрылышат. Бирок, "Бул кандай ыкма?", "Чачка зыяны жокпу?", "Чачтын калыбын канча убакытка чейин сактап тура алат?" деген суроолордун жообун бирөө билсе, бирөө билбеши мүмкүн.

Кератин чачтын негизги элементтеринин бири болуп саналат. Анын табигый компоненти. Чачтын түзүмүн жакшыртып, калыбына келтирет. Ал биринчи жолу Бразилияда пайда болгон.

Кыз-келиндер бул ыкманы чачты түздөө үчүн гана эмес, жалтырак жана жибектей жумшак кылуу үчүн да колдонушат.

Кератин менен түздөөнү химиялык ыкма менен чаташтыргандар бар. Бирок, химиялык ыкманын аты айтып тургандай ага зыяндуу химиялык кошумчалар колдонулат. Кератин менен түздөө чачты химиялык түздөөдөн коопсуз. Химиялык түздөө чачка зыян келтирсе, тескерисинче кератин менен түздөө өз кезегинде чачты белгилүү бир деңгээлде дарылайт десе болот.

Кератин менен түздөө ыкмасынан бардык аялзаты пайдаланса болот, болгону кош бойлуу аялдарга гана жасалбайт. Бул ыкма чачты тышкы терс факторлордон коргойт. Мисалы, шамал, түтүн сыяктуу жаратылыш кубулуштарынан чачтын бузулушун алдын алып, анын терс таасиринен сактайт.

Эскертүү: Кератин менен түздөөдөн кийин 72 саат ичинде жууга, өрүүгө, түйүүгө жана жасалгалоого болбойт.

Түзөтүүчү каражаттын айрым компоненттерине аллергиялык реакция болушу мүмкүн. Андыктан, каражаттын курамына жараша көзүңүз кызарып, жаш агышы мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен чачтын учтары сына баштайт. Ушундан улам учун кесип салууга туура келет.

Эгер чачыңыз өтө коюу болсо, процедуранын натыйжасы сиз ойлогондой узакка созулбашы мүмкүн.