“Пенсияга чыкканыма эки жыл болду, али даамын тата элекмин. 5 миң сом пенсия алам, ишенип койгула, 27 миң сомдон кредит төлөйм”, - дейт Зияш аттуу эне. Ал жакындарынын сөзүн укпаганына өкүнөт.
“Туугандарым “карантинден пайдаланып той өткөрбөй эле койсоңчу” деп да айтышты. “Ошол тойдун акчачына кудалар ортодон балдарга жер тилкесин алып берип койгула, үй салып алышат” деп айткандар болду.
Мен укпай койдум. “Уят” дедим. Ошентсе да, дасторкондон, тойдун кортежинен кемчилик тапкандар болду. Баарына жагуу мүмкүн эмес экен... Той өттү, бирок кредиттик машакаты башталды. Бул көйгөй бүтпөйт экен.
Менден улуу эжем пенсияга чыккандан бери жыл сайын санаторийде эс алат. Мен да мектепте иштеп жүргөндө пенсияга чыксам, эс алам дечү элем. Андай болбой, карызга белчемен батып, иштеп жүрөм.
Менин төрт кредитим бар, аны үч жыл төлөйм. Балама таянайын десем, анын да ипотекасы бар. 15 жылга алган. Башында балам бир аз төлөштү, үй алгандан бери жардам бербей калды. Ошондо кийинки кредиттерди аз-аздан ала койгом. “Биринин шапкесин бирине кийгизиш” үчүн.
Эми минтип Россияга иштегени кетип жатам. Курбум ошол жакта орус үй-бүлөдө бала багуучу болуп иштейт. “Жаткан жерим, тамак-ашым бекер, төлөгөн акчасы толугу менен коротулбай, жаныңда калат” дейт. Ал иштеген үй-бүлөнүн досторуна да бала багуучу керек экен. Курбум дароо мени айтыптыр. “Өзү мугалим, билим берүүнүн отличниги, пенсияга жаңы эле чыкты” десе, “Келсин” деген экен, кетип жатам.
Кредитим жок кезде жашоом жеңил болгон экен. Кредитимди төлөп бүтсөм, кайра бул балээге жолобойм деп отурам. Эми уул үйлөсөм да, кыз берсем да кредит такыр албайм..." дейт.