Астана деле ушундай ыкма менен курулган. Жапаров "Асман" шаары тууралуу

17 января 2022 Астана деле ушундай ыкма менен курулган. Жапаров "Асман" шаары тууралуу

"Асман" шаарын курууга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" гезитине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчы учурда шаардын башкы планы иштелип жатканын, ал 1-2 жылда бүтө турганын айтты.

"Асман" шаарына казынадан бир тыйын коротпойбуз. Корото турган акчабыз да жок. Ошондуктан биз өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар үйлөрдү салып анан сатышат. Пайдасын өздөрү көрөт. Мамлекет болгону 10 пайызга чейин квартира менен алып, ипотекалык компания аркылуу элге берет. Эгер мамлекетте 20 миллиард доллар акча болгондо өзүбүз салып, 10 жылдан кийин бирге бир кылып, 20 миллиард доллар таза киреше чыгарып алмакпыз. Өзүбүз сала албагандан кийин, салабыз деп жаткан инвесторлорго берели да", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал шаардын курулушу башталса бери дегенде 200 миң адамга жумушчу орун пайда болорун белгиледи.

"Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайнын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай ыкма менен курулган", — деди президент.

Жапаров бийликке келген күндөн баштап эле өлкөдөгү ири долбоорлорду изилдеп баштаганын айтып өткөн.

sputnik