Садыр Жапаров Мадумаров менен Нарматованын суракка чакырылышы тууралуу айтты

17 января 2022 Садыр Жапаров Мадумаров менен Нарматованын суракка чакырылышы тууралуу айтты

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" гезитине берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматова эмнеге суракка чакырылганын түшүндүргөн.

Журналист ага эл өкүлдөрүнө карата саясий куугунтук болгон жокпу деген суроо узаткан.

"Катуу айтсам кечирип койгула, экөөнүн тең "беттери калың" экен. Кыргызда "кыз боозуп энесин коркутат" деген сөз бар. Өздөрү кылмыш кылып коюп, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутат. Же 2009-жылы Мадумаровду Камчы экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердирттикпи? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? "Колуң менен кылганды мойнуң менен тарт" дейт кыргызда. Коррупция жана башка темаларда элге акыл үйрөтөрдөн мурда өзүң таза болушуң керек эле", — деп жооп берген президент.

Жапаров Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протоколго токтолгон.

"Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап, "Төрт-Көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга арендага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы" дешти. Мен протокол жараксыз экенин айтып, кайра карап чыгууну сунуштагам. Себеби эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, демаркация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Ага делимитация, демаркация маселелерине кол коюу укугун эч ким берген эмес. Эгерде биз азыр ал протоколго макул болуп койсок, анда Лейлек району толук анклав болуп калат. Мадумаров ошол мезгилде сокурлук кылганбы же башка материалдык кызыкчылыгы болгонбу, айта албаймын. Бүгүн болсо "буга чейин көптөгөн комиссия карап чыгып, алардын баары бул протоколду кыргыз тараптын пайдасына чечилген деген тыянак чыгарган, ошого карабастан мени чакырып суракка алып жатышат" деп айтып жатат. Эч ким бул маселени буга чейин карап чыккан эмес", — деген ал.

Нарматова боюнча шайлоо өнөктүгү башталганда эле диплому жасалма деген арыздар түшкөнүн айтып, ал боюнча суроонун жообу ЖАМУдан эми келгенине токтолгон. Ал кылмыш кылган адам эл катары жооп бериши керек деп эсептейт.

17-январда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага суракка чакыртылганы айтылган. Мындан тышкары, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызмат адамдарына Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз негизде кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Нарматова УКМКга күбө катары сурак берүүгө чакыртылганы маалым болгон.

sputnik