Токаев Назарбаевдин иниси Самат Абишти кызматтан алды

17 января 2022 Токаев Назарбаевдин иниси Самат Абишти кызматтан алды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) ведомствонун жетекчисинин биринчи орун басары Самат Абиш ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Тиешелүү буйрукка Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.

43 жаштагы Самат Абиш Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Сатыбалды Назарбаевдин баласы. Абиш 2015-жылдан бери УКК төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Генерал-лейтенант наамы бар. Казакстандагы массалык башаламандыктан улам 6-январда мамлекеттик чыккынчылык фактысы боюнча УККнын мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалган.

Мындан сырткары, буга чейин Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы ээлеген кызматынан бошотулган.

sputnik