Аял башкарган үй-бүлө бактылуу болобу?

17 января 2022 Аял башкарган үй-бүлө бактылуу болобу?

Үй-бүлөдө ким башчы? Албетте, салт боюнча эркек башкарат. Бирок, азыр эркек менен кошо аял да үй-бүлөлүк жоопкерчиликти, милдетти  аткарып калды. Эгер бийликти аял колуна алса, ал үй-бүлө кандай болот?
Дүйнөлүк көз караш боюнча үй-бүлө башчысы төмөнкүдөй жоопкерчиликке ээ:
- Каржылык. Үй-бүлөсүн материалдык, каржылык жактан камсыз кылуу.
- Стратегиялык. Маанилүү чечимдерди кабыл алуу. Кайсы жерде жашаш керек, дем алыш кайда өтөт, үй-бүлөлүк бюджетти бөлүштүрүү, бала тарбиялоо. 
- Социалдык. Мамиле түзүп, катышуучу адамдарды аныктоо. Жашоодогу көйгөйлөрдү чечүү.
Негизинен бул милдеттердин баарын эркектер эбак эле мойнуна алган. Ал эми аял үй-бүлөнүн ички туруктуулугуна, б.а. маанайына, ден соолугуна, үйдүн жайылууна, балдардын тарбиясына жооптуу болгон. Азыркы кезде ушул эки адамдын ордулары алмашып калгандай.
Үй-бүлөнүн башчысы эркек киши болсо...
Эркектин үй-бүлөнү башкарышы бул классикалык үлгү болуп саналат. Бирок, мунун мааниси тереңде, эркектердин жөн гана акча таап келгени жарабайт. Ал үй-бүлөсүн багуу менен катар аялын да бактылуу кылууга милдеттүү. Өзүнүн да, аялынын да көйгөйлөрүн чечет. Аялына сөз менен эле эмес, иши менен да колдоо көрсөтүшү керек.
Мындай үй-бүлөдө аял кандай болот? Ал дем берүүчү, шайыр, үй турмушка бышык. Ал жумуштан чарчап келген күйөөсүнө дем алып, күч топтой турган шарт түзөт.
Үй-бүлөдө аял башчы болсо...
Азыркы учурда иштеп, акча тапкан аял, үй-оокатын эркек кылып жүргөнү кадыресе көрүнүш болуп калды. Мындай учурда аял активдүү болсо жакшы. Активдүү болсо карьерасын жогорулатып, социалдык байланыштарды чыңдоого аракет кылып, эркек тынч эле үйдө отурганы жакшы көрүнөт. Кээде табарман эркектин аялы акчаны жумшап, бардык маанилүү чечимдерди кабыл ала турган болот. 
Мисалы, башында аял жолдошуна жардамдашуу, колдоо көрсөтүү максатында жоопкерчиликтин бир бөлүгүн өзүнө алат. Ал эми эркектер убакыт өтүп, ошого көнүп алып, аялдагы жоопкерчиликти кайра албайт. Мындан улам аял такыр бүтпөй турган чарбага кирип кетип, эркек бара-бара "диван баатырга" айланат. 
Үй-бүлөдө аялдын башчы болушу оор чечимдерди кабыл алганга, күйөөсүнүн аракетсиздигинен чарчаганга чейин гана уланат.