"Кумтөрдүн" директорлук кызматын Казакстандан чакыртылган адис ээледи

14 января 2022 "Кумтөрдүн" директорлук кызматын Казакстандан чакыртылган адис ээледи

"Кумтөр голд компани" ишканасынын аткаруучу директорлугун Казакстандан чакыртылган адис Канат Курманов ээледи. Бул тууралуу алтын кенге уюштурулган пресс-турда маалым болду.

Курманов бул кызматка жакында эле дайындалганын, аны Кумтөр сырткы башкарууга өткөндөн кийин жаңы жетекчилик чакырганын айтты. Алгач ал ишкананын технологиялар боюнча корпоративдик директору кызматын аркалаган.

"Мен Ысык-Көлдүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулгам. Үч жашымда Казакстанга көчүп кеткенбиз. Атам кыргыз, апам казак кызы. Учурда Казакстандын жаранымын. Кумтөр сырткы башкарууга өткөн учурда келишим менен келгем. Жетекчилик компаниянын ишин жакшыртуу үчүн атайын чакырган. Кесибим байытуу инженери, жогорку окуу жайды 2006-жылы бүткөм. Бирок өндүрүштүк компанияларда 2003-жылдан тарта иштеп баштагам", — деди Курманов.

Ошондой эле ал тоо-кен тармагында жалпы 20 жылдай тажрыйбасы бар экенин, Казакстандагы байытуу фабрикасында 18 жыл эмгектенгенин белгиледи.

sputnik