Ок ордуна музыка. Каскачан казак полиция кызматкеринин пианинодо ойногон видеосу

14 января 2022 Ок ордуна музыка. Каскачан казак полиция кызматкеринин пианинодо ойногон видеосу

Казакстандык полиция кызматкеринин башаламандыктан кийинки күндөрү ок өтпөс кийимчен жана каскачан пианинодо ойноп жаткан видеосу интернетке тарады.

Кадрдан полиция кызматкеринин кызматта жүргөндөй кийинген, бирок бөлмөдө музыкалык чыгарманы аткарып жаткан учурун көрө алабыз.

Павлодар облусунун Полиция департаментинин маалымат кызматы ал Щербактинск районундагы полициянын ыкчам кызматкери, милициянын майору Ренат Садвокасов экенин билдирген.

Видеону көп адамдар көрүп, социалдык тармактарга бөлүшкөн. Комментарийлер ар кыл болгон. Кээ бирлери жактырып, суктанса, кай бирлери "союл кармаган адамдар ушундай назик нерсени жасай алат бекен?" деген маанайда суроо узатышкан.

"Ренат бул учурда кесиптештеринин маанайын көтөрүш үчүн пианинодо ойноп берген", — деп түшүндүрмө берген маалымат кызматы.

Полиция департаментинен майор Садвокасов 2012-жылдан бери бул тармакта экендигин жана анын атасы да полицияда кызмат өтөгөндүгүн билдиришкен.

sputnik