2022-жылы кайсы кесиптер популярдуу болот. Изилдөө

14 января 2022 2022-жылы кайсы кесиптер популярдуу болот. Изилдөө

IT-адистиги 2022-жылы эң келечектүү кесип катары калат. Мындай жыйынтыкка "Работа.ру" сервиси изилдөө жүргүзгөндөн кийин келгенин РИА Новости жазды.

Маалыматтык технология жаатындагы адистикти сурамжылоого катышкандардын 60 пайызы белгилеген. Ошондой эле 56 пайызы дарыгерликти, 44 пайызы нанотехнологду тандаган.

Мындан сырткары, изилдөөгө катышкандардын 43 пайызы вирусолог да көп талап кылынган кесип бойдон каларын айтышкан.

Бул жылы соода-сатык жаатындагы менеджерлер (39 пайыз), инженерлер (33 пайыз), куруучулар (27 пайыз), HR-адистери (18 пайыз), инфекционисттер (15 пайыз, медайымдар жана медагалар (10 пайыз) ишинен баар табары аныкталган.

Изилдөөгө сервистин Россиянын бардык аймагындагы беш миңден ашуун колдонуучусу катышканы айтылды.

sputnik