Айсулуу эки өргөлүү болду. Кыргыздын чемпион балбандарына үй берилди. Сүрөт

14 января 2022 Айсулуу эки өргөлүү болду. Кыргыздын чемпион балбандарына үй берилди. Сүрөт

Кыргызстандын күрөш боюнча чемпионатынын ачылыш аземи болуп, анда Олимпиадада медаль тагынгандарга жана Дүйнө чемпиондоруна батирдин ачкычтары тапшырылды.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Спорт жана дене тарбия департаментинин жетекчиси Канат Шабданбаев, Күрөш федерациясынын башчысы Мелис Турганбаев, спортчулар, демөөрчүлөр жана машыктыруучулар катышкан.

Федерация президенти Мелис Турганбаев Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган Бекболот Мырзаназар уулуна бир бөлмөлүү батир, ал эми дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиевге эки бөлмөлүү батирдин ачкычтарын тапшырган. Мындан тышкары, башкы жана ага машыктыруучулар Руслан Маджинов, Ислам Тазабеков жана Нурлат Такиров акчалай сыйлык алышкан.

Федерация жетекчисинин кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти Динара Исаева Айсулуу Тыныбекова менен анын машыктыруучусу Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын берген. Муну менен Айсулуу Тыныбекова эки өргөлүү болду.

"Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган Алибек Осмоновго бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырганы айтылды.

sputnik