Психотерапевт Виктория Колесникова анорексиянын алгачкы белгилерин "Известия" басылмасына маек берип жатып тизмектеп берди.
Адистин пикиринде, алгач адам психологиялык жактан жабыркай баштайт. Тагыраак айтканда, арыктоо максатында ар кандай тамактардан өзүн кыйнап баш тартат. Жыйынтыгында эндокриндик системанын иши начарлайт. Адам өзүнүн келбетин жактырбай, маанайы бат-бат чөгө берет.
"Андан соң адам арыктайт дагы өзүнө-өзү жага баштайт. Бул учурда негативдүү ойлор алыстап, маанайы көтөрүлөт. Бирок 1,5-2 жыл өткөн соң салмак нормадан 20-50 пайызга чейин төмөндөп кетет. Ошондон тарта олуттуу көйгөйлөр даана көрүнө баштайт", — деди Колесникова.
Медиктин айтымында, анорексия илдетине кабылган адамдын организминде табигый процесстер бузулат. Анын кесепетинен гемоглобин азаят, тиштерге курт түшөт, аялдардын этек кири токтойт, тери кургап, көгөрө баштайт. Ошондой эле жүрөк ооруп, ашказан жакшы иштебей калат.
Колесникова кошумчалагандай, анорексия илдетине көбүнесе өспүрүм же 20 жаштын тегерегиндеги кыздар кабылышат. Ушул эле куракта муну менен жабыркаган эркек балдар дагы болушу мүмкүн. Адатта алар жакындарынан илдетин жашырганга аракет кылат.
Андыктан дарыгерлер ата-энелерге бул учурда балдардын жүрүм-турумуна жакшылап көңүл бурууга чакырып келет.