Абалы оор. Санкт-Петербургда 17 жаштагы кыргызстандык чатырдан кулап кеткен

14 января 2022 Абалы оор. Санкт-Петербургда 17 жаштагы кыргызстандык чатырдан кулап кеткен

Учурда элчилик жашы жете элек өлкө жараны кандай жагдайда кулагандыгын иликтеп жатат. Келерки жумада анын жамбаш сөөгүнө операция жасоо пландалууда.

Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык 17 жаштагы өспүрүм бала бакчанын чатырынан кулап кетип, окуянын жагдайлары иликтенип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

"12-январда көптөгөн жаракат жана көк ала тактар менен 2004-жылы туулган Кыргызстандын Б.Ж.Б. аттуу жараны Раухфус атындагы балдар клиникасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Абалы оор. Дарыгердин айтымында, келерки жумада анын жамбаш сөөгүнө операция жасоо пландалууда", — деп жазылган маалыматта.

Учурда элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы жашы жете элек өлкө жараны кандай жагдайда кулагандыгын иликтеп жатат.

sputnik