Болочок жарыңыздан буларды сөзсүз сураңыз

14 января 2022 Болочок жарыңыздан буларды сөзсүз сураңыз

Жаштар бири-бирин жакшы тааныбай жатып, үйлөнүүгө шашышат. Анан казан-аяктын кагышканы эки жашты экиге бөлүп тынат. “Үйлөнүү оңой, үй-бүлө куруу кыйын” экенин эске алып, кыйынчылыктарды биргелешип жеңе алар-албасын аныктоо үчүн келечек тууралуу көбүрөөк сүйлөшүшү керек. Болочок жарыңызга сөзсүз төмөнкү суроолорду берип, пикириңиз, көз карашыңыз төп келеби же жокпу билип алыңыз.

► Менден кандай сырды жашыршың мүмкүн? Кайсы темада мени менен сүйлөшкүң келбейт?

► Мен жөнүндө ушак укканда биринчи аракетиң кандай болот?

► Жашоонун маңызы баладабы? Ортодо бала болбосо, кандай кылат элең? Ажырашып кетесиңби же башка чечим кабыл аласыңбы?

► Канча балалуу болгуң келет?

► Өз үйүбүз сөзсүз болушу керекпи? Батирде бир аз убакыт жашап турганга кандай карайсың?

► Туугандарың мени жактырбаса, урушса, сындаса, ким тарапта болосуң? Мындай маселени кантип чечебиз?

► Жегенге тамак же кийим таппай калсак эмне кылабыз? Бирге жашай берүүгө көнөт белең?

► Үй-бүлөлүк бюджетти ким башкарат? Кимдин көп акча тапканы маанилүү?

► Үй жумуштарына жана балдарды тарбиялоого ким жооптуу? Экөөбүзгө тең тиешелүүбү?

► Келечекте фигурам өзгөрүп, ашыкча салмак кошуп же өтө арыктап кетсем кандай карайсың? Эгерде мен айыккыс дартка чалдыгып калсамчы?

► Дем алышты кандай өткөргүң келет? Сиз үчүн дем алуу деген эмне?

► Убактымдын көбүн жумушта өткөрсөм же такыр иштебесем эмне дейт элең?

► Кызганычты кантип жеңесиң? Такыр чоочун адам мага көз кырын салса, эмне кылат элең?

Бир жыл, беш жыл, он жыл өтсө дагы ал адамды толук биле албайсың. Ал үйдө башка, кесиптештер арасында дагы башка жана досторунун арасында такыр башка адам болушу мүмкүн. Бул нормалдуу. Ал эми жашоого көз карашыңыз окшош болсо, кээ бир көйгөйлөрдү оңой эле чече аласыз. Ой да тынымсыз өзгөрүп турат. Бирге түтүн булатып, бирге өсүш үчүн азыркы деңгээлдин бирдей экендиги маанилүү. Эң негизгиси каалаган маселени бири-бири менен талкуулап, бир бүтүмгө келе билүү, негизгиси, үндү жогорулатпай, урушпай баарлаша билүү, өз оюн ачык айтып, сырдаша билүү эки жашка аба-суудай керек.