Караколдо милиция кызматкерлери апасы ичип алып жоготуп жиберген баланы тоңуп калган жеринен табышты. Бул тууралуу облустук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.
"Милиция кызматкерлерине шаардагы короолордун биринде сырттагы суукка карабай узак убакыт бою 6-7 жаштардагы бала жалгыз жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Милиционерлер жерине барып, баланы таап алышкан. Ал үшүгөнүнөн жаактары карышып, сүйлөй албай калган. Тартип сакчылары ага ошол маал ысык чай берип, жылытышкан. Маалыматка караганда, экөө соңку ирет сыртка чыкканда ичип алган апасы уктап калып, бала жалгыз кете берген. Артка кайрылып келгенде апасын таппай калган", — деп айтылат билдирүүдө.
Наристе балдар үйүнө жайгаштырылды. Милиция кызматкерлери анын апасын тапкан. Келин баласы тууралуу айтып бере алган эмес. Мындан улам милиция материалдарды мэриянын алдындагы Балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүп берди.