Лыжа тээп жүргөн Садыр Жапаровду Анкарада көрсөтүп жатышат. Эмнеге

13 января 2022 Лыжа тээп жүргөн Садыр Жапаровду Анкарада көрсөтүп жатышат. Эмнеге

Түркиянын борбор калаасы Анкаранын көчөлөрүндөгү жарнамалык LED-экрандардан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Караколдо лыжа тээп жүргөн видеоролиги көрсөтүлүп жатат.

ВИДЕО

Ал учурдун видеосун тартып алып, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Twitter каналына жарыялаган.

Анда Жапаровдун видеосу Анкаранын борбордук району Этимесгутта сегиз LED-экрандан көрсөтүлүп жатканы айтылган.

"Кышкы туризм дүйнөсүнө бир сүңгүп кетиш үчүн Кыргызстанга чакырабыз", — деп айтылган роликте.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жарнамалык сапаттуу роликтер Кыргызстандын тоо туризмин алдыга жылдыруу үчүн тартылганын билдирди.

"Бул роликтер 6-7, тагыраагы, англис, немец, түрк, араб, кытай жана орус тилдерине которулду", — деп билдирген ал.

ВИДЕО

Эске салсак, президент Садыр Жапаров январдын башында "Каракол" базасында лыжа тээп, Кыргызстандагы кышкы туризмди жарнамалап, өлкөгө келип эс алып кетүүгө башкаларды чакырган эле.

sputnik