Секирип, ыйлап... Аялынан Mustang белекке алган кишинин видеосу

13 января 2022 Секирип, ыйлап... Аялынан Mustang белекке алган кишинин видеосу

АКШнын 43 жаштагы тургуну Эми Грин жолдошуна Mustang GT үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды. Бул тууралуу Daily Mail жазып, күйөөсүнүн реакциясын видеого тартып чыгарды.

ВИДЕО

Маалым болгондой, жубайлар Американын Сентертоне шаарында жашайт. Видеодон көрүнүп тургандай, Жимми Грин майрамдык байпактын ичинен белек карап жатып Mustang автоунаасынын ачкычын таап алган.

"Болушу мүмкүн эмес! Ал сыртта турабы? Сен мага Mustang алып койдуңбу?" — деген киши сыртка чуркап чыккан.

Короодо токтоп турган автоунааны көргөн күйөөсү кубанычтан секирип, ыйлап жиберген.

Mustang Жимминин кыялындагы автоунаа экени, бирок эч убакта ага ээлик кылып калам деп ойлобогону айтылды.

"Жимми белексиз калган майрамдар көп эле болду. Кызыбыздын Рождество майрамын жакшы өткөрүшү үчүн атасы бир убакта үч жумушта иштечү. Ошол себептен биз аны канчалык жакшы көрөрүбүздү билдириш үчүн ушундай сюрприз жасадык", — деп жазган аял.

Гриндин видеосу соцтармакта вирус болуп тарап, аны 13, 4 миллион адам жактырган. Эми Гриндин баракчасына 28 миң адам жазылганы маалым болду.

sputnik