"Мындайды көргөн эмесмин". Дарыгер "омикрондун" өзгөчөлүгүн атады

13 января 2022 "Мындайды көргөн эмесмин". Дарыгер "омикрондун" өзгөчөлүгүн атады

Коронавирустун "омикрон" штаммы менен ооруп жаткан киши бир жолу чүчкүргөндө 100 адамга жугузушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги аллерголог-иммунолог Владимир Болибокко таянып жазды.

"Буга чейин мындай жугуштуу вирусту көрө элек болчубуз. Мурда кызамык өтө жумуштуу оору болуп саналса, коронавирустун "омикрон" штаммы андан өтүп кетти. Өкүнүчтүүсү — бул штамм сүйлөшүп турганда же оорулуу адам улутунуп, эстеп койсо эле бир топ жерге жайылып кетүүгө жөндөмдүү экен. Ал эми чүчкүрсө тегеректе турган 100дөй кишиге вирус жукту дей бергиле", — деди Болибок.

Ошондой эле дарыгер бул вирус балдар үчүн өтө кооптуу экенин кошумчалады.

Эске салсак, өткөн жылдын соңку айларынан бери дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнө тарап жаткан "омикрон" штаммы 12-январда Кыргызстанда да катталды. Аны менен катар Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө.

sputnik