COVID үч бейтаптын өмүрүн алып, 742 кишиден табылды. Соңку маалымат

13 января 2022 COVID үч бейтаптын өмүрүн алып, 742 кишиден табылды. Соңку маалымат

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясын 742 киши жуктурганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ооругандар:

  • Бишкек — 632;
  • Ош шаары — 8;
  • Чүй — 42;
  • Ош — 5;
  • Талас — 8;
  • Нарын — 2;
  • Ысык-Көл — 22;
  • Жалал-Абад — 15;
  • Баткен облусу — 8.

Пандемиядан бери вируска 187 620 адам кабылды.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 инфекциясы үч кишинин өмүрүн алды. Үчөө тең Бишкектен катталган. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2 826ны түздү.

Акыркы сутка ичинде 100 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылган. Жалпы айыккандардын саны 180 629га жетти.

Бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда 580 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 2 096 киши бар. Стационарда дарыланып жаткандардын 19у канааттандырарлык, 367си оор, 159у оор жана 35и өтө оор абалда.

sputnik