Терини жабыркаткан төрт азык аталды

13 января 2022 Терини жабыркаткан төрт азык аталды

Нутрициолог Екатерина Маслова РИА Новостиге кайсы азыктарды көп колдонсо терини буза турганын айтып берди.

Ал биринчи кезекте шекерден баш тартуу керек дейт.

"Таттуу коллагенге терс таасирин тийгизет. Анын айынан тери бат картайып, былбырап, бош болуп калат", — деген адис.

Алкоголь терини кургатат. Ашыкча ичсе бетке кызарып майда кан тамырлар чыгат, ошондой эле шишитип жиберет.

"Теринин үчүнчү душманы — глютен. Ак ундан жасалган бөлкө нан, жумшак нан азыктары жана макарондор шишитип, беттеги бүдүр, кызыл ала тактардын пайда болушун шарттайт", — деген нутрициолог.

Ошондой эле сүт азыктары териге бырыш түшүрөт. Көбү лактозаны сиңире албагандыктан жалпы сезгенүүгө алып келет.

sputnik