ЖК комитеттеринин жетекчилери эки ирет добуш берүүдөн кийин гана шайланды. Тизме

13 января 2022 ЖК комитеттеринин жетекчилери эки ирет добуш берүүдөн кийин гана шайланды. Тизме

Жаңы эреже боюнча парламентте сегиз комитет иш алып барат.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары кайра шайланды.

Эске салсак, буга чейин да шайлоо болуп, бирок процедура бузулгандыктан кайра шайлоо дайындалган.

Сегиз комитеттин бирөөнө гана эки талапкер ат салышты, калгандарында бирден гана көрсөтүлгөн.

Тагыраак айтканда, Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына талапкер Жанар Акаев ("Альянс" фракциясы) — 62, Тазабек Икрамов (Элдик топ) 20 добуш алып, Жанар Акаев төрага болуп шайланды.

Башка комитеттерди төмөнкү депутаттар жтектемекчи:

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинин төрагасы — Медербек Алиев ("Ишеним" фракциясы);

Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитетинин төрагасы — Аманкан Кенжебаев (Элдик топ).

Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитетинин төрагасы — Динара Ашимова ("Ыйман Нуру" фракциясы);

Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагасы — Азиз Турсунбаев ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы);

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы — Бакыт Сыдыков ("Ата-Журт" фракциясы);

Финансы-экономикалык саясат комитетинин төрагасы — Данияр Төлөнов ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы);

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы — Сүйүн Өмүрзаков ("Ишеним" фракциясы);

sputnik