“Бул жалганда өзүмдү жоготуп алгандай болдум. Бир сөз менен айтканда, 2 жыл сүйлөшүп жүрүп, сүйүп жүргөн жигитим жакында үйлөнөт.
Былтыр экөөбүз тең мектепти бүтүрүп, мен Ошко, ал Бишкекке окууга кеттик. Арабыз алыстады. Айылда жүргөндө эч качан ажырашпайбыз, окууну бүткөндөн кийин кошулабыз деп сөз бергенбиз. Мен ага абдан ишенчүмүн. Анан Бишкекке барып, өзгөрүп, группасындагы бир кыз менен сүйлөшө баштаптыр. Бул тууралуу мага айткан эмес. Кийин билип калып, сүйлөшпөй калдык. Мүмкүн зээриккенден башка кыз менен сүйлөшүп жүргөндүр деп өзүмдү соороттум. Мен болсо сабак менен алышып жүрө бердим.
Бир жылдан кийин жайында экөөбүз экзаменди бүтүрүп, айылга келдик. Көп убакыт өтпөй үйлөнөйүн деп жатам, үйдөгүлөр кудалар менен макулдашып келди деди. Мен аны тамашалап жатат деп ойлогом. Муну укканда: «Жарайт, мени ыйлатып, бактылуу болом десең, ошондой болсун. Ата-энем, бир туугандарым тирүү турганда сенсиз деле бактылуумун”, — дедим. Ал эми азыр чакыруу кагазын берип жибериптир. Сүрөттө экөө тең бактылуу көрүнөт. Бири-биринен көз албай тикшешип турушат.
Жүрөгүм ооруп, ыйладым, катуу кыйналдым. Менин абалымды эч ким түшүнбөсө керек, канчалык ойлобоюн десем да, ичимден кыйбай жатам. Анын кылган кылыгы көз алдыма келип, боло турган тоюнун быт-чытын чыгаргым келип кетет. Бирок, өзүмдү карманып турам. Ал мени кызгансын деп экөө кучакташып түшкөн сүрөтүн жибериптир.
Анын достору мага "Сен менен бир жакшынакай жүрбөдү беле, тиги кызды кайдан таап алган..." деп айтышып, андан бетер жүрөгүмдү оорутту. Сабыр кылып тойго барып, бакыт тилегеним туура болобу? Акыл айтыңыздарчы, мен буга чыдай алар эмесмин”, - дейт биздин окурман.
Редакциядан: Урматтуу айымдар! Бирөөнүн катасы – бирөөгө сабак. Бирөөнүн бактысы кимдир бирөө үчүн шамчырак!