Примов, Сыдыгалиев, Исаева. ЖКнын вице-спикерлери шайланды

12 января 2022 Примов, Сыдыгалиев, Исаева. ЖКнын вице-спикерлери шайланды

Жогорку Кеңештин вице-спикерлери шайланды. Добуш берүү бюллетень менен жашыруун өттү.

Натыйжада төмөнкүлөр төраганын орун басары болуп шайланды:

  • "Ата-Журт" фракциясынан Жамиля Исаева;
  • "Ишеним" фракциясынан Нурбек Сыдыгалиев;
  • Алай шайлоо округунан шайланып, кийин "Ата-Журт" фракциясына кошулган Улан Примов.

Ал эми бир мандаттуу округдардын элдик тобунан сунушталган Нурланбек Азыгалиев өтпөй калды.

Жаңы эрежеге ылайык, ЖК төрагасынын үч орун басары болмокчу.

sputnik