Жапаров аскер техникасын сатып алууга канча каражат бөлүнгөнүн айтты

12 января 2022 Жапаров аскер техникасын сатып алууга канча каражат бөлүнгөнүн айтты

Кыргызстандын аскер кызматкерлерин социалдык, материалдык жактан колдоого, күч түзүмдөрүнүн эмгек акысын көтөрүүгө жана аскер техникасын сатып алууга 2021-жылы бюджеттен 7 миллиард сомдон ашык акча бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Мамлекет башчы аскердик техника Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бюджеттен сатып алынып жатканын белгилеген.

Эске салсак, 2021-жылдын октябрь айында Кыргызстан Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн сооттолгон 40 техника сатып алган.

Андан сырткары, Түркиядан учкучсуз учуучу "Байрактар" аппараттары да бюджеттик каражатка алынган.

sputnik