Жаңы сатып алган кийимдерди эмне үчүн жууп кийиш керек?

12 января 2022 Жаңы сатып алган кийимдерди эмне үчүн жууп кийиш керек?

Бул сизге чейин кийимди кийип көргөн адамдын котор оорусу жугуп калат деген эмес. Анткени, сиз эч ким кийип көрө элек, таңгагы чечиле элек болсо да, аны жууп алыңыз. Анын себебин түшүндүрөлү...

Кийим дүкөндөгү текчеге жеткенге чейин бир нече баскычтан өтөт

Биринчи этап - агартуу. Башында бардык табигый кездемелер (жиптер) күрөң түскө ээ болот. Аларды табигый түсүнөн ажыратуу үчүн хлор, суутек перекиси, кислоталар жана башка агартуучу заттар колдонулат. Анан кургатылып күбүлөт. Кездемеде эмне калат? Албетте, агартуучу заттардын калдыктары. Эриткичтер менен реакцияга кирген пигменттик тактар да болушу мүмкүн.

Эгерде сиз жаңы кийим кийсеңиз, а сиздин териңиз сезимтал болсо, аллергиялык реакция пайда болушу мүмкүн.

Экинчи этап - кездемени боёо же бетине сүрөт түшүрүү

Так эле ошол процедура. Кездемеге нымдуу боёк (анилин азо боёктору) сүртүлүп, андан кургатылат. Кездеме канчалык жоон жана текстуралуу болсо, кургатылган боёктун микробөлүкчөлөрү ошончолук көп калат.

Көпчүлүк анилин боёктору канцерогендер. Кээде боёктор жогорку температурада тоңуп, сууда эрибей калышы мүмкүн. Кийин сиз тердегенде денеге өтүшү мүмкүн.

Үчүнчү этап - сатууга чейинки даярдык

Сиз шоу-румдардан жана бутиктерден гана кийинесиз дейли. Түнү бою тигүүчүлөр иштеген цехтердин санитардык абалын айтпай эле коёлу.

Эң табигый кийимдер Кытайдан биздин дүкөндөрдүн текчесине нымдашып, көгөрүп кетпеш үчүн, бырыш түшпөш үчүн атайын иштетилет.

Кийимдерге суу өткөрбөй турган эритмелер чачылат. Ал заттар гипоаллергендүү болот. Мындан тышкары, формальдегиддүү чайыр менен иштетүү процесси жүрөт. Бул кийимди өтө бырышышып кетүүдөн сактайт.

Жип ийрилген станоктон дүкөндүн текчесине жетмейинче кездемени же кийимди эч ким жуубайт. Анын курамында териңизге жакпай турган эритмелер жана кошумчалар гана болушу мүмкүн.