Бишкекте 38 жаштагы кишини лифт кыпчып калып каза болду. Сүрөт

11 января 2022 Бишкекте 38 жаштагы кишини лифт кыпчып калып каза болду. Сүрөт

Борбор калаанын Улан кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн лифтине эркек киши кыпчылып каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 11-январда, 38 жаштагы киши коляскадагы баласы менен кирип жаткан учурда лифт өз алдынча иштеп кеткен. Ымыркай жабыркаган эмес.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.

sputnik