Volkswagen Россиядан 4 миңден ашуун автоунаасын чакыртып алууда

18 декабря 2018 Volkswagen Россиядан 4 миңден ашуун автоунаасын чакыртып алууда

Чакыртууга кабылган 2017-2018-жылдары сатыкка чыккан Volkswagen Tiguan автокөлүктөрү болду.

Volkswagen автоконцернинин Россиядагы расмий өкүлчүлүгү "Фольксваген Груп Рус" Tiguan деп аталган 4,32 миң даана автоунаасын чакыртып ала тургандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Росстандарт аталган түрдөгү автокөлүктөрдүн үстүндөгү терезесинин светодиод модулунда кемчилдик бар экендигин билдирген.

"Volkswagen Tiguan автоунаасын заводдун чакыртып алуу себеби эстетикалык жарык берген светодиоддук модулдун ичине суу кирип кетүү кооптуулугу болгон. Эгерде мындай учур катталса, аталган модулдан учкун чачырап, андан ысык бөлүнүп чыгышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Чакыртууга кабылган 2017-2018-жылдары сатыкка чыккан Volkswagen Tiguan автокөлүктөрү болду. Анда салонго эки тараптан — айдоочу жана жүргүнчү отурган алдыңкы орундардан кабель-адаптерлер тартылары, алар электр тогу менен аталган модулдун ортосунда жайгаштырылары кабарланган. Бул кошумча оңдоо иштерин темир тулпар ээлерине бекер жасап беришет.

"Фольксваген Груп Рус" уюмунан аталган автоунаалардын ээлерин дилерлик жакынкы жайларга барып, тиешелүү оңдоо иштерин жасатып алуу зарылдыгын айтышкан.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Михаил Фомичев