Ноокенде 26 жаштагы кыз беш күндөн бери дайынсыз болууда. Сүрөт

11 января 2022 Ноокенде 26 жаштагы кыз беш күндөн бери дайынсыз болууда. Сүрөт

Ноокен районунун Шайдан айыл аймагына караштуу Алма айылынын 26 жаштагы тургуну Алина Абдумомунова изделип жатат. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 6-январь күнү саат 8:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт. Алинанын бою 165-170 сантиметр, ак жуумал, кашы, көзү, чачы кара, жоолукчан болушу мүмкүн. Көк түстөгү баш кийим жана шарф, сары түстөгү куртка, кара шым кийип жүргөн.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Алина Абдумомунова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Телефон номерлери: 102, (03734) 5 05 44, 0555 00 31 00, 0771 46 04 61.

sputnik