Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары алгачкы жыйынга ар түркүн автоунаалар менен келишти. Басымдуу бөлүгү Lexus, Toyota, BMW маркасындагы машиналарды айдайт. Кээ бири 2021-жылы заводдон чыккан унааны 118 миң долларга сатып алганы белгилүү болду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Ак үйдүн алдындагы автоунаалар менен тааныштырат.
Базар-Коргон шайлоо округунан депутат болгон Айбек Алтынбек акыркы үлгүдөгү Toyota Land Cruiser 300 автокөлүгүнүн ээси. Ал журналистке 118 миң долларга сатып алганын айтты. Ноокат шайлоо округунан келген Жусупбек Коргонбай уулу да кесиптешинен кем калышпайт. Бул депутаттын машинасы 100 миң долларга чамалайт.
Ал эми мурдагы вице-спикер, VII чакырылышка "Ишеним" партиясынын тизмеси менен келген Нурбек Сыдыгалиев 50 миң долларлык унаа айдай турганын билдирди.
Экс-төрага, Манас шайлоо округунан чыккан депутат Дастан Жумабеков шайлоонун алдында автокөлүгүн сатып ийген. Учурда жаңы унаа алууну карап жүргөнүн айтат. Ага чейин досунун жолтандабасын айдап турат.
Биз көргөн унаалардын эң арзаны эле 15 миң долларга бааланат. 30-50 миң доллардын тегерегиндеги машина менен жүргөндөр басымдуулук кылат.
Айрымдары жеке менчик автоунаага ээлик кылбай турганын белгилеп, жумушка ага-инилери, балдары ташып турарын айтышты.
Буга чейин Sputnik Кыргызстандын кабарчысы VI чакырылыштын депутаттары да кандай автоунаа айдай турганына байкоо салган.