Өмүрдү узартуучу суусундук аныкталды

10 января 2022 Өмүрдү узартуучу суусундук аныкталды

Кытай окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, көк чайдын жүрөк-кан тамыр системасына тийгизген оң таасирин далилдешти. Жүрөк жана кан тамыр оорулары өлүмдүн себепчиси болот.

Кытайдагы изилдөөгө 100 миңден ашык адам катышкан. Катышуучулардын бир тобу күнүнө үч жолудан кем эмес көк чай ичсе, экинчиси такыр ичкен эмес. Эксперимент жети жылга созулуган.

Көк чайды үзгүлтүксүз колдонуунун натыйжасындакатышуучуларда өлүм коркунучу 15 пайызга, ошондой эле инфаркт же инсультка кабылуу коркунучу да азайган. Эң чоң кардиокоргоочу натыйжага жетүү үчүн көк чайды үзгүлтүксүз ичүү керек.