“Майрамдагандын” эртеси шишип каласызбы? Кооптуу оорулардын белгилери аталды

10 января 2022 “Майрамдагандын” эртеси шишип каласызбы? Кооптуу оорулардын белгилери аталды

Майрамдарда ашыкча тамактанып, спирт ичимдиктерин ичкенден кийин пайда болгон шишик ден-соолугуңузда олуттуу көйгөйлөр бар экенинен кабар берет, деп жазат РИА Новости.

Диетолог жана эндокринолог Антон Поляков: "Шишиктин көптөгөн себептери бар - бул калкан сымал бездин жана бөйрөктүн иштеши, электролиттик дисбаланс, сезгенүү процесстеринин натыйжасы, жыныстык гормондордун балансынын бузулушу", - деди дарыгер.

Терапевт Ольга Александрова: "Шишиктер кандагы протеиндин азайышынан, боор жана бөйрөк ооруларынан, гормоналдык бузулуулардан, жүрөк жетишсиздигинен улам пайда болушу мүмкүн», - экенин белгилейт.