Жогорку Кеңеш Казакстанга аскерлерди жиберүүгө макулдугун берди

7 января 2022 Жогорку Кеңеш Казакстанга аскерлерди жиберүүгө макулдугун берди

Казакстандын жетекчилиги өлкөдөгү башаламандыктан улам ЖККУнун алкагында кошумча аскер күчтөрүн жиберүүнү суранган.

КР парламенти Казакстанга аскер жиберүүгө макулдугун берди.

Парламент депутаттарынын 69у макул, жети эл өкүлү “каршы” добуш беришти. Коңшу өлкөгө 150 аскер, сегиз сооттолгон, 11 аскердик техника барат. ЖККУ аскерлери стратегиялык объектилерди кайтарышат.

Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланды. Президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атады. Мындан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган.

sputnik