6-январда Казакстандан Кыргызстанга транспорт менен 42 адам эвакуацияланган. Анын ичинен 20сы кыргыз жараны болсо, 20сы Россиянын жарандары. Кыргыз жарандарынын арасында аялдар жана балдар бар.
Кыргызстандын Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн алдын ала маалыматына ылайык, коңшу өлкөдөгү чыр-чатакка катышкандардын жана жабыр тарткандардын арасында кыргыз жарандары катталган жок. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 6-январда Казакстандан Кыргызстанга 42 адам эвакуацияланган. Анын ичинен 20сы кыргыз жараны болсо, 20сы Россиянын жарандары. Кыргыз жарандарынын арасында аялдар жана балдар болгону айтылды.
Маалым болгондой, кыргыз дипломаттары Казакстандагы кырдаалга көз салып, мекенге кайтууну каалаган кыргыз жарандарын өткөрмө пунктулар аркылуу өткөрүп турмакчы. Алматынын эл аралык аэропортунун иши 19-январга чейин токтотулган.
ТИМ Казакстандын аймагында жүргөн мекендештерди өлкөдө туруу мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактуу окуяларга катышпоого чакырды.
Казакстандагы башаламандык
5-январда түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын жана башка бир катар мамлекеттик администрацияларды басып алышкан. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар. Бир катар банктар, дүкөндөр талап-тонолгон.
6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.
ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн бара баштады.
Ошол эле маалда Алматы калаасында антитеррордук операция башталган.
Акыркы маалымат боюнча, күч түзүмдөрүнүн 13 кызматкери каза болуп, 353ү жаракат алды. Митингчилер арасындагы жоготуулар тууралуу расмий маалымат бериле элек. Болгону башаламандыкта миңден ашуун адам жабыркаганы кабарланды.
Казакстандын бүт аймактарына өзгөчө абал режими киргизилди.