Буга чейин шаарда антитеррордук операция башталганы айтылган. Социалдык тармакта күч түзүмдөрү шаарга кирип бараткан учурлар да тарап жатат.
Казакстандын Алматы шаарында нааразычылыкка чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу башталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигининин Telegram каналы окуянын күбөлөрүнө таянып билдирди.
Видеодон куралдын үнү жаңырып, башаламан болгон элди байкоого болот.
Буга чейин шаарда антитеррордук операция башталган болчу. Социалдык тармакта күч түзүмдөрү кирип шаарга бараткан учурлар да тарап жатат.
Күбөлөрдүн айтымында, митингчилер союл, таш, кээси автомат көтөрүп жүрөт. ИИМ атайын операцияга байланыштуу жарандарды сыртка чыкпоону өтүнгөн. Алматыда саат 23:00дөн тарта комменданттык саат да киргизилген.
Казакстандагы окуялар
Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.
Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып алышкан. Мындан башка дагы мамлекеттик администрацияларды басып киришкени айтылууда. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.
Андан соң нааразычылык акциялары учурунда полиция кызматкерлери менен аскерлердин арасынан сегиз киши көз жумганы айтылды.
6-январга караган түнү Токаев билдирүү жасап, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУга кайрылганын айтты.