Токаевдин казак элине экинчи ирет кайрылуусунун урунттуу учурлары

5 января 2022 Токаевдин казак элине экинчи ирет кайрылуусунун урунттуу учурлары

Буга чейин өлкө башчысы калкка алгачкы кайрылуусун жасап, казакстандыктарды азгырыктарга алдырбоого чакырган эле.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө түзүлгөн абалга байланыштуу калкка экинчи ирет кайрылуу жасады.

Кайрылуунун урунттуу учурлары:

биздин сүйүктүү шаарыбызда тартип сакчыларына массалык кол салуу болуп жатат. Алардын арасында өлгөндөр жана жаракат алгандар бар;

бандиттиктин элементтери бар топтор аскер кызматкерлерин шакаба чегип, жылаңачтап алып көчөгө бастырып жатышат. Аялдарды зордоп, дүкөндөр тонолууда;

президент катары жарандардын коопсуздугуна кам көрүп, Казакстандын бүтүндүгүн ойлошум керек;

бандиттик элементтери бар аракеттер мыкты уюштурулганы байкалып турат. Финансылык мотивациясы бар адамдардын кылганы;

эми мен болушунча катуу чараларды көрөм;

бүгүнкү күндөн баштап мен Коопсуздук кеңешинин төрагасымын (буга чейин Коопсуздук кеңешин Нурсултан Назарбаев жетектечү). Жакында саясий өзгөрүүлөр боюнча жаңы сунуштарды алып чыгам;

эмне болгон күндө дагы борбор калаадан кетпейм.

sputnik