Прокуратура органдары 2017 жана 2018-жылдын 10 айында жүргүзгөн текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын айтты.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы алдында өткөн координациялык кеңешмеде 2017-жылы жана 2018-жылдын 10 айында мамлекеттик сатып алуу жаатында 2930 мыйзам бузуу аныкталганы айтылды.
Бүгүнкү кеңешмеде өлкөдөгү саламаттык сактоо тутумунун мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү маселелери каралды.
Негизинен мыйзам бузуулар билим берүү мекемелерине тамак-аш сатып алуудан тарта саламаттык сактоо жаатына дары-дармек сатып алууга чейин катталган. Андан сырткары, кымбат баалуу жабдууларды сатып алууда, кызмат көрсөтүүдө да мамлекеттик кызмат адамдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары алешемдикке барган.
Аткаруу бийлигинин борбордук органдарында иштеген 142 кызматкер, аймактык аткаруу бийлигинин 1203 өкүлү, өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияда иштеген 62 киши, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы 951 жана башка мамлекеттик органда иштеген 562 киши мыйзам бузууга жол берген.
Дагы: sputnik.kg,фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков