Эмне үчүн аялдар күн сайын жыныстык кошулууну каалашпайт?

5 января 2022 Эмне үчүн аялдар күн сайын жыныстык кошулууну каалашпайт?

Адистердин айтымында, төшөк оюндарына маанай, жаш курак жана өнөктөшкө болгон ишеним таасир этет. Эгер айымдар жыныстык кошулууну 1 жумадан 1 айга чейин каалабаса, анда дарыгерге кайрылышы керек. Балким, организмде кандайдыр бир өзгөрүүлөр жүрүп жаткандыр. Мисалы:

Психологиялык бузулуулар

Депрессия, катуу стресс, өнөкөт чарчоо - мунун баары жыныстык каалоону жок кылат. Бирок, аны өзүңүз деле байкабайсыз. Деген менен, уйкусуздук, табитиңиз жоголуп, уктагыңыз келбесе, психологдун жардамына кайрылышыңыз керек.

Дары-дармек ичкенде

Эгерде кан басымын түшүрө турган, эпилепсияга каршы дарыларды ичип жатсаңыз, сүйүктүүңүзгө болгон сезимиңиз убактылуу жоголот. Ошондуктан, дарылардын терс таасирлерин билүү маанилүү. Эгерде дары секске терс таасирин тийгизсе, аны башка дары менен алмаштырууга болот. Адистер бойго болтурбоочу таблеткаларды ичүү жыныстык катнашка болгон каалоону азайтары жалган дешет. Америкалык илимпоздор мындай таблеткалар ырахатка батууга тоскоол эмес экенин далилдешкен.

Өнөкөт уйкусуздук

Аялдар эртеден кечке чейин иштеп, кечинде үйдүн тиричилиги менен жүрүп, төшөктү ойлоп да койбойт. Кеч жатып, эртең менен эрте ойгонот. Уйкунун жетишсиздиги организмдеги көптөгөн өзгөрүүлөргө алып келет. Биринчиден, гормоналдык баланстын бузулушу жүрөт. Жогоруда айтылгандай, өнөкөт уйкусуздуктан жапа чеккен болсоңуз, аны дароо жолго салуу керек.

Мамиледеги түшүнбөстүктөрдүн таасири

Статистикалык маалыматтарга ылайык, аялдардын сексуалдык каалоосунун жоктугунун 80% психологиялык шарттарга байланыштуу. Мисалы, аялдар көбүнчө күйөөсү жумуштан кечигип келсе, башка бирөөгө телефон чалып сүйлөшсө, жүрүм-турумунун өзгөргөнүн байкаса, анын көңүлү башкада деп ойлошот. Ал өз ойлору менен күрөшүп, күйөөсүн каалабайт. Мамилени жакшыртуу үчүн өнөктөшүңүз менен ачык сүйлөшүңүз.

Кош бойлуулук

Кээде кош бойлуулук сексуалдык каалоону күчөтөт, бирок көп учурда тескерисинче болот. Аял кош бойлуу же эмчек эмизген кезде төшөктү эмес, баланын абалы жөнүндө көбүрөөк ойлонот. Бул да табияттын мыйзамы. Аялынын мындай абалына эркектер 1-2 жыл чыдап коюшу керек. Андан кийин баары калыбына келет дешет адистер.