Аккумуляторду бир нерсе менен жылытуу эч убакта болбой турганы, андай ыкма кооптуу экени эскертилди.
Автоунаа суукта от албай калса эмне кылыш керектигин "Прайм" басылмасына автоэксперт Павел Сидоров айтып берген.
Адис белгилегендей, суукта автоунаанын от албай жатканына начар аккумулятор себеп болушу ыктымал. Анткени чилдеде ага көп күч келгендиктен натыйжалуулугу азаят. Начар мотор майы жана начар күйүүчү май да суукта айдоочуга көйгөй жаратып коюшу мүмкүн.
"Ошол себептен күйүүчү майды да сапатына карап алуу керек. Ал эми мотор май боюнча автоунаа өндүргөн компания сунуштаганын алган оң. Аны регламент боюнча алмаштырып туруңуз. Заманбап аккумуляторлор 5 жылдан 10 жылга чейин кызмат кылат. Эгер анын мөөнөтү бүтсө, алмаштыруу тууралуу эртерээк ойлонгон оң", — деген эксперт.
Автоунааны от алдырардан мурда алгач аккумуляторду жылытып алган туура экени айтылды. Ал үчүн аны өзүнчө алып, сууктан жылуу жерге алып кирип, ошол жактан кубаттаса болот. Бирок аны бир нерсе менен жылытуу эч убакта болбой турганы, андай ыкма кооптуу экени эскертилген.
"Дагы бир вариант. Анда батареяны өзүнчө албай эле фараны күйгүзүп, 15-30 мүнөт күтүп туруу керек. Мындан соң моторду басса болот. Эгер биринчи аракеттен майнап чыкпаса, бул процедураны бир нече мүнөттөн кийин кайталап көрүңүз. Эгер үчүнчүсүндө болбосо, анда мындай иш-аракет жардам бербейт", — деген Сидоров.
Ал автоунааны от алдырган кубаттоочу жабдууну колдонсо болорун айтып, бул вариант коопсуз экенин белгилеген.