Саякат адамды кандай өзгөртөт? Баары чындык!

4 января 2022 Саякат адамды кандай өзгөртөт? Баары чындык!

Саякаттаган адамдын дүйнө таанымы кеңейип, жашоого болгон көз карашы өзгөрөрү белгилүү. Мисалы, кээ бир адамдар өздөрүн жана жашоосун өзгөртүү үчүн башка өлкөлөргө барышат. Биз бул макалада алар жөнүндө кененирээк сүйлөшөбүз.

Тез арада туура чечим кабыл алганды үйрөнөсүз

Мисалы, тамак тандоодо же автобус менен үйгө кайтууда оңой чечим кабыл аласыз. Ал эми башка өлкөдө ошол элдин тилин, маданиятын билбеген учурдачы? Албетте, чечим кабыл алуу кыйын. Анткени, мындай учурда жоопкерчилик мурдагыдан алда канча жогору болот. Бирок, бул туура чечимди тез кабыл алууга жардам берет.

Саяхат адамды қалай өзгертеді? Барлығы шындық!

Акчаны туура эсептеп каласыз

Сапар учурунда баары бухгалтер болуп калышат. Ал эми эсепке чоркок болсоңуз, бул чоң көйгөй болурун унутпаңыз. Анткени, акча эсеп иштетпесеңиз, көп өтпөй тыйынсыз каласыз. Анын үстүнө азыркы коомдо бирөөнүн жардам бериши кыйын. Андыктан, саякатка чыгаар алдында бюджетиңизди пландап алыңыз. Анан бир нерсе сатып алардан мурун жакшылап ойлонуп, так чечим чыгарыш керек. Эгер кымбат ресторанда тамактануудан баш тартсаңыз, акчаны башка максаттарга да колдонсоңуз болот.

Ар бир кырдаалдан ырахат алууга болот

Баарын план менен жасаган жакшы. Анткени, биз түзгөн план өзүбүздүн каалообуздан келип чыгат. Бирок, саякат учурунда пландын аткарылышына тоскоолтуктар болсо, ага баш оорутунун кереги жок. Анткени, бул жашоодо идеалдуу эч нерсе жок. Мисалы, кээде машина кечигип, кээде аба ырайы бузулат. Жан дүйнөңүзгө майрам тартуулагыңыз келсе, андай-мындайга көз жумуп коюңуз.

http://static.ernur.kz/article/61afb09cf356d.jpg

Майда нерселерди баалоо

Саякатка чыкканыңызда жаныңызда алып жүргөн буюмдардын жеңил жана чакан болгону бакыт экенин түшүнөсүз. Бул кичинекей нерселер да жашоонун бир бөлүгү экенин билдирет. Болбосо, чоң, оор жүк сиздин сапарыңызды кыйындатат.

Адамдарды таанып-билүү

Саякатта ар кандай адамдар менен жолугуп, алар менен баарлашып, кеңеш сурап, натыйжада адамдын кыймыл-аракетине, сөзүнө карап таанып-билүүгө тажрыйба топтосо болот. Мындай тажрыйба ар бир адамдын жашоосуна көп учурда пайдасын тийгизет.

http://static.ernur.kz/article/61afb0e303f97.jpg

Интернетке көз карандылыктан арыласыз

Сапардын ар бир көз ирмеминен ырахат алгысы келген адам эс алуу учурунда интернетке жана социалдык тармактарга кирүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. Виртуалдык дүйнөнү унутат. Бул интернетке болгон көз карандылыктан арылууга жардам берет.

Өзгөрүүдөн, жаңы дүйнөдөн коркпоңуз

Буга чейин барбаган жерлерге саякаттоо - бул өзүңүздү сынап, жаңы нерселерди ачуунун эң сонун жолу. Мисалы, саякат учурунда жергиликтүү тургундар менен баарлашууга, шаарды картасыз кыдырууга, жергиликтүү тамактарды жегенге ж.б. мүмкүндүк болот.

http://static.ernur.kz/article/61afb02839e78.jpg