2022-жылы дүйнө жүзү боюнча суук болот: Окумуштуулардын болжолу

4 января 2022 2022-жылы дүйнө жүзү боюнча суук болот: Окумуштуулардын болжолу

Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун (WWF) климаттык программасынын директору Алексей Кокорин 2022-жылы жер бетинде 2020-жылга салыштырмалуу суук болорун болжолдоду деп URA.RU сайты кабайт.

Эксперттин айтымында, бул Тынч океандын түштүк бөлүгүндө муздак суунун көтөрүлүшүнө себеп болгон Ла-Нинья климаттык кубулушунун өнүгүшүнө байланыштуу болот. Бул планетадагы орточо температуранын төмөндөшүнө алып келет.

Кокорин, ошондой эле, температуранын төмөндөшү глобалдык жылуулук менен байланышкан процесстердин өнүгүшүнө таасирин тийгизбей турганын белгиледи.

"Бул тенденциялар өзгөрүп жатат дегенди билдирбейт. Бул жөн гана табигый процесс", - деп кошумчалады ал.

stan