Оптимисттер узак жашашат

3 января 2022 Оптимисттер узак жашашат

АКШда жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында оптимисттер пессимисттерге караганда узак жашашары аныкталган. Изилдөө 1976-жылы башталган. 71 173 адамдын жашоосуна оптимизм менен пессимизмдин тийгизген таасирин изилденген. Изилдөөдө оптимисттер 85 жаштан ашык жашары аныкталат.

Себеби, оптимисттер жакшыраак ой жүгүртүп, эмоцияларын оңой жөнгө салып, стресстин терс таасиринен сактанышат. Изилдөөдө адамдардын жалпы ден соолугуна, ошондой эле жашоого болгон көз карашына, оптимизмине же пессимизмине көңүл бурулган. Көнүгүү, тамактануу, тамеки тартуу жана спирт ичимдиктерин ичүү да эске алынган.

Иликтөө жүргүзгөн Бостон университетинин Медицина факультетинин психология кафедрасынын доценти Ли: «Биздин жыйынтыктар позитивдүү ой жүгүртүүнүн деңгээлин жогорулатуу узак өмүргө жана сергек жашоого өбөлгө түзөрүн көрсөтүп турат», - дейт. Бристоль университетинен Брюс Гуд: “Оптимисттер стрессти оңой жеңгенинде жана терс жагдайларды коё бергендигинде”, - дейт.

Ал эми Иллинойс университетинин окумуштуулары оптимисттер жүрөк-кан тамыр оорулары менен чанда гана жабыркай турганын далилдешкен.