Буга чейин Республикалык кан борборунун жетекчилиги орус аскерлерине жардам сурап кайрылган
Кыргызстандагы Бириккен орус аскер базасынын россиялык аскер кызматкерлери жергиликтүү ооруканаларда дарыланып жаткан жана Бишкектин четинде жашаган катуу оорулуу бейтаптарга өз ыктыяры менен кан жана анын компоненттерин тапшырышты.
Республикалык кан борборунун жетекчилиги россиялык аскер кызматкерлерине жардам сурап кайрылды. Аскер кызматкерлери кайрылууга жооп берип, ыктыярдуу түрдө кан жана анын компоненттерин тапшырышты.
Канттагы Россиянын биргелешкен аскердик базасы Кыргыз Республикасындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймагынын жана аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди аткарган Жамааттык тез жайылтуу күчтөрүнүн авиациялык бөлүгү болуп саналат.