Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) аймактык стабилдүүлүк үчүн Тажикстандын аскердик инфраструктурасын бекемдейт. Бул тууралуу Уюмдун Аскердик комитетинин (ВК) жыйынында ВКнын төрагасы, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов билдирди, деп маалымдайт ТАСС.
«ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн коалициялык топторун жайгаштыруу кызыкчылыгында Тажикстандын аймагында аскердик инфраструктураны жакшыртуу боюнча мындан аркы иштердин багыттары аныкталды», - деди Герасимов.
Россия Федерациясынын Башкы штабынын башчысынын айтымында, Аскердик комитеттин отурумунда коюлган максаттар ишке ашты жана анын жыйынтыгы жамааттык коопсуздук тутумун чыңдоого жана аймактык туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөт».
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы кырдаал талиптердин бийликке келиши шартында Орусия Федерациясын жана башка региондогу мамлекеттерди өзгөчө тынчсыздандырууда.
Буга чейин Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги Тажикстандагы 201-орус аскерий базасы жакшыртылган күжүрмөн мүнөздөмөлөрү бар 30 модернизацияланган Т-72В3М танктарынын партиясын алганын билдирген.
Россиянын Коргоо министрлиги Т-72В3М жаңы кыймылдаткыч системасы, орнотулган пассивдүү жана активдүү коргоо системасы, ошондой эле Акведук байланыш системасы жана тепловизор менен көп каналдуу көрүнүш менен жабдылганын белгилейт.
Эксперттер Тажикстандагы орусиялык базаны Т-72В3М танктары жана башка курал-жарактар менен жабдуу Борбор Азиядагы аскердик-саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө маанилүү экенин белгилешет.