Ашказан оорубасын десеңиз идишти горчица менен жууңуз

31 декабря 2021 Ашказан оорубасын десеңиз идишти горчица менен жууңуз

Азыр атайын каражаттарсыз идиш жууй албайбыз. Интернеттеги маалыматтарга караганда, ашказан ооруларынын 50-60% идиш жуугуч каражаттардын курамындагы кошулмалардын кесепетинен пайда болот. Алар чайкаганда таза кетпей, идиштерде калып, тамак аркылуу ашказанга кирет.

Илгери апаларыбыз идиш-аякты ысык суу, сода же кум менен жуушчу. Ашказан оорусу да сейрек кездешчү. Ал эми азыр кары-жаш дебей ашказан оорусу менен жабыркашат. Албетте, мунун баары бир гана идиш жуугуч суюктуктан эмес, экологиянын да таасири болушу толук мүмкүн. Деген менен, сактыкка кордук жок.

Идиш жуугуч суюктукту кургак горчицага алмаштырууга болорун билесизби? Сиз ошондой эле башка күнүмдүк кырдаалдарда кургак горчицаны кантип колдонууну төмөндөн окуй аласыз.

Идиш жуугуч суюктукту алмаштыра алат

Идиштерди кургак горчица менен жуугандан кийин, идиш жуугуч суюктуктан толугу менен баш тартышыңыз мүмкүн. Анткени, бул ыкманын негизги артыкчылыгы ден соолукка эч кандай зыяны жок, идиштер оңой тазаланып, жылтырап турат. Ал көбүрбөйт жана сууга да үнөмдүү.

Ал үчүн идишке ысык сууну куюп, ага кургак горчицадан бир аз салып, жуула турган идиштерди ошол сууга салуу керек. Суу бир аз муздагандан кийин идиштерди жууп, андан соң бир жолу таза суу менен чайкап коёбуз. Идиштерде майлуу тактар ​​кетип, айнек идиштер жалтырап калат.

Ошондой эле, 75 г кургак горчицаны ушундай өлчөмдөгү жылуу суу менен суюк ботко сымал аралашма болгончо аралаштырыңыз. 2-3 сааттан кийин ыңгайлуу идишке куюп, кадимки идиш жуугуч суюктук катары колдоно бериңиз. Эгерде сиз күчтүү тазалоочу эффектти кааласаңыз, жогорудагы аралашмага 3 чай кашык сода кошуп койсоңуз болот.

Кирди тазалоочу катары пайдаланууга болот

Кургак горчица майлуу кирлерди абдан жакшы кетирет: өзгөчө ашкана майлыктарын тазартууга болот.

Ал үчүн 1 литр ысык сууга 2 аш кашык кургак горчицаны аралаштыруу керек. Бул сууга ысык кезинде майлыктарды салып, түнгө калтырабыз. Кийинки күнү таза суу менен гана чайкап алабыз.

Бөлмө гүлдөрүн зыянкечтерден арылтууга жардам берет

Бөлмө өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана нымдуулуктан сактоо үчүн 1 чай кашык кургак горчицаны 1 литр жылуу сууга аралаштырып, 1 саат тыныктырып коюу керек. Андан кийин гүлдөр ошол эле суу менен сугарылышы керек. Эгерде зыянкечтер өсүмдүктүн сабагына жабышып алган болсо, аларга горчица аралашкан сууну чачуу керек.