Путин СССРде туулгандарга Россиянын жарандыгын берүүнү жөнөкөйлөтүүнү сунуштады

30 декабря 2021 Путин СССРде туулгандарга Россиянын жарандыгын берүүнү жөнөкөйлөтүүнү сунуштады

Мыйзам долбоорунда Россиянын жарандыгын алууда 20дан ашык категориядагы адамдарга карата талаптардын санын кыскартуу каралган.

 Россиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага Россия Федерациясынын жарандыгы боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын тексти өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасынын мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн электрондук базасында жарыяланды.

Түшүндүрмө катта белгиленгендей, документ РФтин 2019-2025-жылдарга мамлекеттик миграциялык саясатынын концепциясын ырааттуу ишке ашырууга багытталган.

"Бул федералдык мыйзам менен Россия Федерациясынын жарандыгы чөйрөсүндөгү мамилелер, анын ичинде жарандыкка кабыл алуу жана токтотуу шарттары жана тартиби жөнгө салынат", — деп белгиленген документте.

Жаңы мыйзам долбоору Россиянын паспортун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала турган адамдардын 20дан ашык кошумча категориясын камтыйт, атап айтканда:

мекендештер (мурдагы СССРдин жарандары жана алардын балдары, ыктыярдуу көчүрүү программасынын катышуучулары);

Россияда жашаган жакын туугандары барлар — россиялыктар;

Россия империясынын же Советтер Союзунун аймагында (Россия Федерациясынын чектеринде) туруктуу жашагандардын урпактары.

Мындан сырткары, документтин жобосуна ылайык, өлкө башчынын карамагында Россиянын жарандыгына кабыл алуу гана калат. Эми ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн жарандыгы бар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери;

Россияга өзгөчө эмгеги сиңген адамдарды;

кесиби, квалификациясы же башка себептер боюнча Россия үчүн кызык болгондорду.

sputnik