"31-декабрда кечки тогузда уктап калышыбыз керек..." 13 жылдан бери Жаңы жылды тоспогон келин себебин айтып берди

30 декабря 2021 "31-декабрда кечки тогузда уктап калышыбыз керек..." 13 жылдан бери Жаңы жылды тоспогон келин себебин айтып берди

Айнура атуу келиндин айтмында күйөөсү майрамды белгилөөгө караманча каршы. Анын үй-бүлөсүндө он үчүнчү жыл катары менен белгиленбей келет экен.

- 31-декабрь жакындаган сайын чоң атабыздын, үй-бүлө башчысынын өңү өзгөрүп, кабагына кар жаап баштайт. Кайнеже, кайынсиңдилери 1-январь күнү куттуктап келгилери келет, биз туугандарды кыдырып келгибиз келет. Бирок, атабыз баарына каршы. Мүнөзү орой, кырс, элге аралашпайт. Конок келсе, сүйлөшүп отурмак турсун, үндөбөй сыртка чыгып кетет.

Бара-бара жолдошум да ошондой болуп калат окшойт. Ал азыр 42 жашта. Төрт балабыз бар. Алды мектепти бүтүрүү алдында турат. Алар да жаңы жылды классташтары жана достору менен тосууну каалашат. Бирок, чоң атасынан, атасынан коркот. Мектептин майрамдык иш-чараларына катышпайт. Балдарыма болушуп ортодо сөз уккан эле мен.

Мурда бир аз жакшыраак болчу. Балаты сатып албасак да, кооздобосок да, тамак жасап, дасторкон жайып, коноктордун келишин күтчүбүз. Азыр мына 10 жылдан ашык убакыт өттү. Биздин үйдө жаңы жыл майрамдалбай турганын элдин баары билет. «Бул биздин майрам эмес», - дегенди жаттап алган. Майрамдап койсок, динден адашып калчудайбыз. Дин күч алгандан бери 31-1 күн дасторконго өзгөчө даам коюудан, акырында боорсак бышыруудан коркуп калдык. Дасторкон жайсак эле тойлоп калат имишпиз.

31-декабрда жарыкты өчүрүп, эрте уктайбыз. Сүйлөнүп, урушуп атып эрте жаткызып салат. Майрамдабасак да, телевизор көрөбүз десек, ал күндөрү уруксат бербейт. Майрамдык программаларды, концерттерди көрө албайбыз.

Дин жолунда жүргөн такыбалар болсо түшүнмөкмүн. Жок, кээде “ичип” коймою да бар. Намаз окуганды, куран окуганды кыйратып билишпейт. Аларга караганда 9-7-класстагы уулдарым сүрө жаттап калышты. Эмне үчүн Жаңы жылга асылгандарын түшүнбөйм. Башка майрамды белгилесек бир жөн эле, Ноорузду да белгилебейбиз.

Ооба, Жаңы жыл кайдан башталганын билебиз. Бирок, бул жөн гана дүйнөлүк майрам эмеспи? Эмне үчүн мынчалык жек көрүшөт? – дейт Айнура айым.

А сиздин үйдөчү Жаңы жыл майрамы белгиленеби?