Аллергияны айыктыргыңыз келсе, курма жеңиз

30 декабря 2021 Аллергияны айыктыргыңыз келсе, курма жеңиз

КУРМА - суук тийүү менен күрөшүүгө жөндөмдүү. Ошондой эле, мыкты антиоксидант катары иштейт. Мындан тышкары, рактын алдын алат. Курма адам организмине керектүү бардык витаминдердин жана минералдардын булагы. Адистер организмди жез, калий, магний жана селен менен байытуу үчүн күнүнө 4 даана курма жегиле деп сунушташат.

ОРГАНИЗМДИ БЕКЕМДЕЙТ. Курма глюкоза, фруктоза жана сахарозага бай. Бул заттар организмге энергия берип, бекемдейт. Майсыз жана даамдуу жемиш чарчоону басат жана күн бою сергектик тартуулайт. Андыктан жумуштан чарчап, тиричиликтен чарчасаңыз, курма жеңиз.

МЭЭНИ ОЙГОТОТ. Курма мээге ар кандай терс таасирлердин алдын алат. Ал тургай уктап жаткан мээни ойгото алат. Мөмөдөгү фенол заты табигый антиоксидант катары иштейт. Бул зат өз кезегинде Альцгеймер жана деменциядан коргойт.

ИЧ КАТУУНУН АЛДЫН АЛАТ. Дайыма ич катып, өз убагында дааратканага барбагандарга курма жегиле деп адистер эскертет. Бул кургатылган жемиште клетчатка көп. Ич катууну дарылоо үчүн 4 даана курманы сууга салып, бетин жаап коюңуз. Кургатылган курманы эртең менен жесеңиз, толук айыгасыз. Ошондой эле, ич өткөктү токтото алат.

ИЧЕГИ ИШИН ЖАКШЫРАТ. Бул жемиш эрүүчү жана эрибей турган клетчаткага бай. Мындан тышкары, пайдалуу аминокислоталар да бар. Бул эки зат ичеги-карын жолдорун жакшыртат, ишти жеңилдетет жана организмди ашыкча заттардан тазалайт.

АЗ КАНДУУЛУКТАН САКТАЙТ. Организмдеги темирдин жетишсиздигин толуктайт. Анткени, курма темирдин булагы. Демек, күнүнө 4 даана курма жесеңиз, аз кандуулуктан биротоло кутуласыз.

ЖҮРӨК ООРУНУН АЛДЫН АЛАТ. Курма триглицериддердин деңгээлин төмөндөтүүгө жөндөмдүү. Ал эми бул зат кан тамырларда майдын топтолушунун алдын алууга жардам берет. Бул мөмөнү такай жегендер стресс, ачуулануу, депрессия сыяктуу оорулардан арылат.

ЖЫНЫСТЫК ЖӨНДӨМДҮҮЛҮКТҮ ЖОГОРУЛАТАТ. Курмадагы бардык заттар сперматозоиддердин абалын жакшыртат. Натыйжада эркектин жыныстык жөндөмдүүлүгү жогорулап, энергиясы ашып-ташат.

СӨӨКТӨРДҮ БЕКЕМДЕЙТ. Курманын курамында бор көп өлчөмдө болот. Бул элемент сөөктү бекемдейт. Остеопорозду жеңгиңиз келсе, курманы үзгүлтүксүз жеңиз.

АЛЕРГИЯДАН АЙЫКТЫРАТ. Курманы көп жеген адамдарда аллергиянын белгилери байкалбайт. Ал тургай, сезондук аллергиялык ринитти да даарылайт.